Тажик журналисти Нилуфар Азиз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 12 мүнөттүк “Дурбини ҳақиқат” (“Чындык камерасы”) аталышындагы даректүү тасманы жайгаштырды. Ал жерде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун өмүрүнө кол салуу тууралуу сейрек видеокадрлар колдонулат.
Видеодогу көз ирмемдер алгачкы жолу жарыяланып жатат, кадрлар президенттин маалымат кызматы жана күзөт кызматынан алынган.
Рахмонго кол салуу аракети 1997-жылы 30-апрелде Худжанд шаарындагы Камол атындагы театрда болгон. Кылмышкерлер курал, граната жана жарылуучу заттарды колдонушкан. 50дөн ашык адам жаракат алган, анын ичинде президенттин өзү жана өлкөнүн бажы башчысы Якуб Салимов дагы.
Дарыгерлер тарабынан кыскача кароодон өткөндөн кийин, бутунан жаракат алган Рахмон жарым сааттан соң театр залына кайтып келип, көрүүчүлөр менен маектешкен, – дейт фильмдин автору.
Президенттин өмүрүнө кол салуу аракетин уюштурган деген айып менен бир нече адам, анын ичинде Тайсон лакап аты чыккан мурдагы спортчу Хуршед Абдушукуров жана Тажикстандын мурдагы премьер-министри Абдумалик Абдуллоджановдун бир тууганы Абдулло Абдулладжанов бар. Тайсон киши өлтүрүү аракети учурунда өлтүрүлүп, дагы экөө өлүм жазасына тартылган.
Дурбини ҳақиқат . Сӯйиқасд ба ҷони Роҳбари миллат дар ш Хуҷанд соли 1997
Опубликовано Khovarsho Kodirshoevich Вторник, 9 июня 2020 г.