Таластыктар спикердин таламын талашышты: “Дастан Артисбековичти колдоп, коргоп алабыз”

411

Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты Токтобай Бечелов, активист Кеңешбек Калматов, Миң-Булак айыл аймагынын депутаты Тахир Койчубаев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго айтылган буйрутма сын-пикирлерди токтотууну суранышты. Бүгүн АКИпресс-Талас маалымат жыйынында төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришти.

«Ушул тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун үстүнөн көп сын-пикирлер болуп жатат. Интернетте, социалдык тармактарда дарегине карата буйрутма сындар көбөйдү. Фейк баракча менен бекинип алып, ар нерсени жаза беришет. Силер сын айткыңар келсе өзүңөрдүн атынардан чыгып айткыла. Биз дагы ким жумуш кылып, ким иштеп, кимдин жардамы тийип келе жатканына жооп бергенге даярбыз.

Биздин бүгүн маалымат жыйынга чыкканыбыздын себеби, анын аркасында колдогон эли бар экенин айткыбыз келди. Мындай кыйын жагдайда кыргыз элине, анын ичинен Талас элине көптөгөн жардам берип жатат. Ал нерсеге баарыбыз эле күбөбүз. Тонналаган ун, азык-түлүк, жардамдар келип жатат. Иштеп жаткан ишине сын койбой, тескерисинче колдоп, жардам берсек болмок», – деди алар

Булак: “Турмуш”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь