Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, эс алуучуларды кабыл алуу боюнча кирген жаңы шарттар боюнча, ишкерлерге түшүндүрмө берип айрым суроолорго жооп берди.
Облус башчынын айтымында, “Ак-Кеме” санитардык карантиндик постунда чет өлкөдөн жана COVID-19 илдети боюнча абалы оор региондордон келгендер каттоодон өтөт.
“Практика көрсөткөндөй каттоо илдет чыккан адамдардын контакттарын табууга медиктерге ыңгайлуу шарттарды түздү. Мындан ары ар бир туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу жайларында бир формадагы каттоо журналдары ачылат, ал жакта контакттык маалыматтар жана келген убактысы жазылат“,- деп билдирди Осмоналиев.
А. Осмоналиев санитардык гигиеналык нормаларды жана коюлган шарттарды аткарбаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын белгилеп кетти.
“Биздин негизги максат айыптардын эсебинен бюджетти толтуруу эмес. Эс алуучулардын жана облус тургундарынын ден соолук коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет”,- деп белгилеп кетти ыйгарым укуктуу өкүл.