Өзбекстанда таажывирусуна каршы дары иштелип чыкты. “Рутан” медициналык каражаты коронавирустун таасирин 78,3% төмөндөтөт. Бүгүнкү күндө бул дарынын бир бөлүгү (19,500 таңгак) Инновация министрлигинин көмөгү менен Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди, деп билдирет Podrobno.uz.
“Жаңы дары кытай-өзбек медициналык технопаркында өндүрүлгөн. Бул каражат буга чейин Өзбекстандын Илимдер академиясынын биорганикалык химия институту тарабынан иштелип чыккан (2015-жылы). Сасык тумоого каршы күрөшүүдө колдонулган. Азыр ал коронавируска каршы кытай илимпоздору тарабынан сыноодон өттү. Натыйжада, ал мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп- SARS CoV-2 коронавируска таасир берүүсү 78,3% га төмөндөдү”,- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам катары Иранга 11 миң тангак каражат жөнөтүлүп, ал жакта лабораториялык сыноодон ийгиликтүү өткөн.