Адам өлүмүн алган жол кырсыкка шектелген актер Михаил Ефремов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Федералдык жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Москва шаарынын Таганский соту 2 айга үй камагына чыгарды.
Актерго үйдөн чыгып кетүүгө, ММКлар менен байланышууга, интернет жана телефонду колдонууга тыюу салынган.
Михаил Ефремов колуна кишен салынып сотко жеткирилгенде ал таанылбаган кийим, бетине маска тагынып барган. Актёрдун сотту унчукпай гана угуп отурду. Ал көп учурда суроолорго башын ийкеп гана жооп берди.
Эки ай үй камагында болуунун максималдуу мөөнөтү, азырынча тергөө жүрүп жатат, узартылышы мүмкүн. Андан тышкары, айыпталуучуларга эң катуу чектөөлөр колдонулат. Федералдык Жаза аткаруу кызматы Ефремовдун үстүнө электрондук билерик тагыла тургандыгын дагы жарыялады. Жакын туугандары, адвокаттар жана тергөөчүлөр менен гана байланышууга болот.
Эске салсак 8-июнда түндө актер айдап келе жаткан машина Москванын так ортосунда каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагылышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, Сергей Захаров ооруканада көз жумган. Ефремов жабыркаган эмес. Актер жол кырсыгы катталган жерден кармалып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Кийинчерээк ал мас абалында болгонун Москванын милициясы кабарлаган.
Суракка келбей койгон Ефремовду полиция үйүнөн камакка алган болчу. Ефремовго “Жол эрежесин бузганы, мас абалында машине айдаганы жана адам өлүмүнө себепкер болгону үчүн” кылмыш иши козголгон. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Михаил Ефремов – театр жана кино актеру, Орусиянын эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлор жана Орусиядагы 1-каналдын ” Мени күт ” программасы аркылуу таанымал болгон.