АКШнын аба күчтөрүн алгачкы жолу афроамерикалык жетектейт

269

Тарыхта биринчи жолу АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башын афроамерикалык жетектейт. Шейшемби күнү Сенат бир добуштан (98 добуш, 0 каршы) генерал кенже Чарльз Браунду АКШнын аскерий- аба күчтөрүнүн штаб башчысы кылып бекитти.

Бекитилгенге чейин, Браун АКШдагы аба күчтөрүнүн жана Индия-Тынч океан согуш операциялары үчүн жооптуу болгон. Тынч океан аба күчтөрүнүн командасын башкарган.

Белгилей кетсек, Браун расалык жана социалдык адилетсиздикке каршы нааразычылык акциялары күч алган учурда кызматка дайындалды.

«Менин бул орунга дайындалганым кандайдыр бир үмүт алып келиши мүмкүн деп ойлойм, бирок бул дагы оор жүк. Биздин аба күчтөрүнүн мүчөлөрүндө ондогон жылдардан бери дискриминациянын таасирин оңдой албаганым сыяктуу, биздин өлкөдөгү кылымдык расизмди жоюп сала албайм”, – деди Браун.

F-16 учагынын учкучу катары Браун 35 жылдан ашык кызматында 3 миң саат, анын ичинде 130 согуш саатын учкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь