Бабановдун эжесине куран окулуп жаткан ресторанда журналистке күч колдонулду (видео)

1 062

Бишкекте бүгүн 11-июнда “Кактус.медианын” журналисти Марат Уралиевга күч колдонулду. Окуя Kaynar ресторанын алдында болгон.

Алдын ала маалыматта ресторанда апрель айында каза болгон Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп жаткан. Журналист келген кишилерди жана унааларды тартып жүргөн.

Уралиевдин айтымында ага белгисиз тараптар тойкананын айланасында видео тартууга тыюу салышкан. Тротуардан баспагын деп кийин эркек киши журналистти мойнунан кыскан. Журналист ал адам Бабановдун жансакчысы болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Уралиев окуяны түз эфирде чагылдырган. Видеодо көрүнүп тургандай жолдо өтүп бара жаткан патрулдук милициянын унаасы токтобостон караган боюнча айдап кетишкен.

Ал арада Бишкек мэриясы “Кайнар” ресторанына карантиндин эрежесин бузгандыгы үчүн айыппул салынганын маалымдады.

Опубликовано Kaktus Media Четверг, 11 июня 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь