Бишкек шаарында курулуп жаткан үйдөн кулап түшкөн адам мерт кетти. Бул тууралуу Ленин районунун ИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү саат 14:51де түшкөн. Көп кабаттуу үй Масалиев көчөсүндө жайгашкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы каза болгон жаран 22 жаштагы куруучу экенин аныктады. Ал көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап кеткен жана ошол жерде көз жумган.
Бул факт КЖБРге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.