Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 14:58де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Маасы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.