Журналистке күч колдонгон жарандын өздүгү аныкталганын Октябрь РИИБнин маалымат кызматынан кабарлады.
Бүгүн 11-июнда саат 12:00 дөн 13:30га чейин “Кайнар” ресторанында массалык иш-чара өттү. Алдын ала маалыматтарда ал жакта саясатчы Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулган. Айрым маалыматтарда Карганбек Самаковдун эжесине куран окутууга чогулушту деп айтылат. Карантин учурунда жогорку даражалуу кызматтагы бир нече адам келишти. Журналист бул учурду сырттан видеого тартып турганда белгисиз жаран анын ишине тоскоолдук жаратып, күч колдонгон.
Милиция ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, ал адам 1988-жылы туулган Б.Ж. экенин аныктап жана ал Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алынып келгенин кабарлады.
Бул окуя КЖБРге “майда бейбаштык” беренеси менен катталып, денесине залал келтирилгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жүрүүдө.