Италияда үйлөр 1 еврого сатыла баштады

460

Италиянын Калабрия аймагындагы Чинкуэфронди коммунасынын бийлиги турак жайды бир еврого сатып алууга мүмкүнчүлүк берген программаны ишке киргизди деп билдирет CNN Travel.

Коммунанын мэринин айтымында, Operation Beauty деп аталган программа ири шаарларга жаштарды алып келүү көйгөйүн чечүүгө арналган. Мындан улам Чинкуэфронди коммунасындагы үйлөр жеңилдетилген баада, тактап айтканда, 1 еврого сатыла баштады.

Үйдү арзан баада сатып алууну чечкен адам, үч жылдын ичинде аны оңдоп-түзөөгө милдеттүү. Мындан тышкары, сатып алуучу 250 евро атайын алым төлөшү керек. Эгер үй белгиленген мөөнөттө оңдолбосо, үй ээсине 20 миң евро айып пул салынат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь