Талас облусунда катталган эки жаңы учур кайдан чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев түшүндүрдү.
“Кечээ вирус жуктурган медицина кызматкеринин жолдошунан оору чыкты, экинчи учур кошунасынын бири жугузуп алган. Кечээ күнү тегерегиндеги кошуналар, байланышта болгондордун бардыгы каттоого алынып текшерилген. Ошентип алардын биринин анализи оорунун белгилерин көрсөттү. Облуста алгач коронавируска кабылган жарандын жашаган жери боюнча- 5 контакт, иштеген жеринен – 17 адам байланышта болгон. Бир эле адам менен жалпы 98 адам байланышта болгон, бул чебердебей тартипсиздиктин айынан болуп жатат”,- деди.
Үсөнбаев адамдар аралыкты сактабай эрежени бузганы үчүн жүздөгөн байланыштагы адамдар чыгып жатканын кейүү менен белгиледи. Ал кошумчалагандай анализдерин аныктоо үчүн бир топ күч жана акча каражат жумашалат.
Белгилей кетсек, кечээ 10-июнда Талас облусунда алгачкы жолу коронавирус жуктурган учур катталган. Бейтап үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген кызматкер экени аныкталып, ал Таласка кирип-чыккандардан тагыраагы ички миграция агымынан улам жуктурган болушу мүмкүндүгү айтылды.