Талас облусунда оор жүк ташуучу унаалар өтө турган жолдордо айрым мечит, дүкөндөр жабылышы ыктымал. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.
Анын баамында Талас облусунда катталган коронавирустун алгачкы очогу дал ушул оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары болушу толук мүмкүн.
-Коронавирус облуста алгачкы ирет үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкеринен, андан кийин анын күйөөсүнөн жана жакын жоро жолдошунан аныкталып отурат. Бул үй-бүлөнүн шаардагы борбордук көчөлөрдүн биринде дүкөнү бар. Дал ошол дүкөнгө оорулуу айдоочу кирип, алака болгон деп божомолдоп жатабыз. Чек арадан өткөн айдоочу милдеттүү түрдөн ПЦР анализ тапшырат бирок, ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, борбордук көчөлөрдө жайгашкан мечиттерди жабууну ойлонуштуруп жатабыз. Себеби, айдоочулар мечитке кирип, намаз окушат. Ошол маалда алака болуп, адамдар бири-бирине оору жуктуруп алабы деп кооптонуп турабыз. Илдетти алдын алуу жолдорун издештирүүдөбүз, – дейт Марат Мураталиев.
Ошону менен бирге өкмөттүн өкүлү облус аймагына кирген бардык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жергиликтүү май куюучу бекеттерге жана дүкөндөргө кирбөө боюнча тил кат алына тургандыгы мерчемделип жаткандыгын билдирди.