“Эми мен кимди Бопуня дейм?” Сакиш Бопушту жоктоп ыйлады (видео)

1 380

Бүгүн 11-июнда Бишкекте актер Марат Жантелиевди акыргы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Тажиясына келген Айнура Турганбева — (Сакиш) кесиптешин жоктоп эскерүү сөздөрүн айтты.

“Бүгүнкү күн мен үчүн өтө катуу оор күн болуп турат. Бопуш экөөбүз бала чактан бери бирге чоңойдук. 1991-жылы театрда жолугуп ошондон баштап Сакиш-Бопуш болгонбуз. Бул менин мугалимим болчу, сырдашым болчу, канча сырымды айтсам да тажабай мени тарбиялачу. Ии алтыным Бопуня эми эмне айтам сага? Бизди эмне мынча эрте таштап кеттиң…? Эми эчтеке сөз жок айта албайм Алланын буйругу экен, жаткан жерин жайлуу болсун топурагын торко болсун! Сен ар дайым биз мененсиң, биздин жүрөгүбүздө кала бересиң. Жаман бир сөз айткан болсом кечир мени Бопуня жаным. Биз бири-бирибизди Бопуня Сакуня деп эркелетчү элебиз го, эми мен кимди Бопуня дейм?”,- деп сыздап ыйлады.

Эске салсак, белгилүү актер КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев 9-июнь күнү көз жумган. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Видео: “Супер.ТВ”дан алынды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь