Владимир Зеленскийдин аялы коронавирус жуктуруп алды

305

Украина президенти Владимир Зеленскийдин аялы коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу РИА Новости президенттин аппаратына шилтеме берип жазып чыкты.

Елена Зеленский COVID-19га тест тапшырганда жыйынтыгы оң болуп чыккан. Елена эч кандай ооруунун белгилерин байкай элек, өзүн жакшы сезүүдө. Азыр ал үй-бүлөсүнөн бөлөк амбулаториялык ооруканада изолияцияга алынды. Президент үй-бүлөсү менен тест тапшырып бирок алардын натыйжасы терс болду.

Оорууну качан жана кайсы жерден жуктуруп алгандыгы азырынча белгисиз.
Президенттин жубайы менен бардык байланышта болгон адамдарга дароо инфекциянын коркунучу жөнүндө эскертилди.

Алар да өзүн-өзү изоляциялоого жана мүмкүн болсо, тестирлөөдөн өтүүгө чакырылат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь