Депутат Аалы Карашев ресторанга батага барганын айтты

385

11-июнда Бишкектеги “Кайнар” ресторанында куран окулуп, ал жакка жогорку кызматтагы адамдар дагы чогулган.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окулуп, бата кылып келгенин айтты.

“Бул жерде адам жоготуу, кайгы болуп жатат. Анын эжеси буга чейин өзгөчө абал учурунда каза болгон экен. Барып бата кылып келдим. Ресторанда анчалык деле эл көп болгон жок. Канча экенин так билбейм. Кесиптештерибиз болду”, – деп билдирген Карашев “Супер.кж” сайтына.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бериле элек. Вице-мэр Татьяна Кузнецова Санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан “Кайнар” ресторанына массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн айыппул салынганын билдирди.

Ошондой эле ресторан учурда жабылганы айтылды.

Комментарии

  1. Куран окутатда бир тууган эжесине ар бир адамга парз.Копчулуктор жол ачылып журуп эле калбадыкпы?Анын эмнеси одно ката.Журналист ал жакта эмне журот ,жаманчылык издеп,той болсо бир жон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь