Нарында балык уулоого кеткен эки киши дагы деле дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, аларды издөө иштери бүгүн дагы улантылат.
Эске салсак, 5-июнь күнү Жумгал районунда Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылында жайгашкан Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз.
11-июнь күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин №43 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн, №44 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:55 издөө иштери убактылуу токтотулду. 12-июнь күнү издөө иштери улантылат.