Ташчайнар каймана аты менен эл арасына таанылган балбан Нурлан Алишеров учурда ооруп турган кези. Мындан бир нече жыл мурда Нурлан Алишеров Бишкек шаарында дүкөн иштетип жатканда, бир кардар келип күндө тамак сатып алып турган. “Күндө бул тамакты кимге алып барып бересиң” деп кардардан Ташчайнар кызыгып сураган. Анда ал буту-колу кыймылдан калган жигитке алып барарын уккан. Ошол күндөн тарта бир жылдай ооруган адамды көрбөсө дагы Ташчайнар акысыз каалаган тамагын кардардан бердирип турган.
Эрнест Бөрүбаев ошол убакта кыймылдан калып төшөктө жаткан бала менен Ташчайнарды жолуктурду.
Белилүү болгондой Кадыр аттуу жигит эки буту, эки колу иштебей төшөккө жатып калган. Учурда саламаттыгы сакайып, арабада отурса дагы кыймылда болуп калды.
Ал Ташчайнардын ооруп жатканын угуп учурунда кылган жакшылыгы үчүн колунан келген акчасын алып келип берди.
“Спортзалда бир бала бар, бутунан азыр баспайт дегенинен каалаган тамагын бер деп атйкан элем. Атам бала кезимде камчы менен сабаганда дагы көзүмө жаш алган эмесмин”,-деген Нурлан Алишеров кубанычынан жашыды.
2-Серия
Опубликовано Тамадой Эрнест Борубаевым Пятница, 12 июня 2020 г.
Аллах раазы болсун ушундай адамдарыбыз көп болсун
Алла таала разы болсун Нурлан ака сиз да эртераак айыгып элге мурдагыдай аралышыңыз кудайым сизге шыпа берсин оомийин
Аллам шыпаа берсин! Кубанычтын кана коз жаштары аксынчы. Алла ыраазы болсун!
Жаратканыбыздын шыпаасы менен экоо тен жакшы болуп, бутуна туруп кетсин