Түзөтүү мекемесинен качкан 26 жаштагы кылмышкер кармалды

565

Ленин райондук ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар оор кылмыш жасагандыгы үчүн шектүү болгон адамды кармашты.

2020-жылдын январь айында Сокулук райондук ИИБне Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда Сокулук районунун конуштарынын биринде, эртең мененки саат бештерде, болжол менен 20-25 жаштагы үч эркек киши терезе аркылуу үйгө киришкен. Кылмышкерлер, үй кожойкесин бычак менен коркутуп, 30 000 сом акчасын, 15 миң сомдук уюлдук телефонун алып, качып кетишкен.

Бул факты “каракчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Мындан тышкары, ушул жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне борбордун тургуну укуктарына каршы иш жасагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал арызында, “Чоро” жана “Даку” аттуу эки эркек кишилердин аттарын көрсөтүп, коркутуу жолу менен автоунаасын күрөөканага коюуга мажбурлап, 150 000 сом берүүгө талап кылган. Бул факты “опузалап талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, жогоруда аталган кылмыштарды жасоого шектүү катары, Бишкек шаарынын жашоочусу 1994-жылы туулган Эргешбаев Эрлан Эргешбаевич аттуу жаран кармалган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Жогоруда аталган жаран, буга чейин каракчылык жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана түзөтүү мекемесинен качкандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Учурда шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын саны көбүрөөк, азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүдөн жабыр тарткан жарандар, ИИМдин КМКна төмөнкү номурларга кайрылууга болот: (312) 26-62-61; 0(709) 99-01-60; 0(990) 83-77-71.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь