Улуттук гвардияда 10 аскер кызматкери коронавирус жуктуруп алган.
Белгилүү болгондой алардын бардыгы тең оору жуктурган менен байланышта болгондор. Учурда обсервацияга жаткырылганы айтылат. Ал эми 24-июнда Москвада өтө турган Жеңиш парадына бара турчулар алмаштырылды.
Генералдык штабдан билдиргендей, ооруга кабылган жоокерлердин бардыгы коопсуздук бөлүмүнөн.
“Коронавирустун жайылуу коркунучун жоюу үчүн, Жеңиш парадына резервдик параддын курамын жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Пландаштырылган иш-чараларга катышуу боюнча машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлдү”,- деп билдирет Генералдык штаб.