Үсөнбаев: Аттуу-баштуу эле адамдар той-аш өткөрүүгө уруксат сурап жатышат

325

“Аттуу-баштуу эле адамдар кайрылып, той-ашка уруксат берсеңиздер деп кайрылып жатышат. Куран окутуу жагдайлары болуп жатат деп“. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында көпчүлүк адам чогулган жерге азырынча уруксат берилбейт. Себеби учурда эпидемиологиялык абал, өзгөчө Бишкек шаарында кооптонууну жаратууда дейт.

“Бишкекте бүгүнкү күнгө оорунун 610 учуру катталып, тенденция дагы деле ылдый кеткен жок. Ошондуктан ушул маселеге туура түшүнүп мамиле кылсаңыздар деп суранып кетет элек. Кафе-ресторандар ассоциациясы дагы тынбай кайрылып жатышат. Бирок эпидемиологиялык абал турукташып калса ошондо жооп берчүдөйбүз“,- деп кайрылды министрдин орун басары.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь