Бишкектеги ири тойканалардын бири “Дасмия” маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү иш-чарасын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
“Акындын жакындары бул нерсеге түшүнүү менен мамиле кылып, саны 50гө жетпеген адамдарды тосушат”,-деп билдирет мэрия.
Мындан улам эскерүү иш чарасы “Тунгуч” кичирайонунда үйдүн алдына 5 боз үй тигилип өткөрүлө турган болду.
Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү 42 жаш курагында көз жумган.