Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин бир тууганы Акназик Карашева алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жабырлануучу Дамир Дүйшөнов 24.kg, ге билдирген.
Анын айтымында, Акназик Карашева 2019-жылдын ноябрь айында $10 миң доллар алып кайра кайтарып берген эмес.
“Акназик Карашева — менин курсташым. Ал интеллигент үй-бүлөдөн экенин билип, бир тууганы депуат деген ойдо ага карызга акча бергем. Укук коргоо органдарына кайрылганымда, Акназик бир ай күтүп тур деп суранып чалган. Бирок ошол бойдон акчаны кайтарып бере элек, учурда иш Токмок ШИИБинде каралууда“,- дейт Дамир Дүйшөнов.
Чүй ОИИББнен билдиргендей, милиция сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.
“Аталган факт “Алдамчылык” беренеси менен КЖБРге катталып, шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Акназик Карашева болгон. Сурак учурунда ал Р.А. аттуу таанышы үчүн курсташынан акча карызга алып берген, ал эми таанышы алган эмес“,- деп айтылат маалыматта.