2020-жылдын 13-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учур катталды:
Бишкек ш. – 18
Чүй облусу – 6
Ош ш. – 6
Ош облусу – 2
Баткен облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 2
Нарын облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 3
“Жаңы учурлардын – 9 сырттан алынып келгендер, 14 киши оорулуулар менен байланышта тургандардын арасынан чыкты, 18 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз”,-деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Нарын облусунда – 2
• Чүй облусунда – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.