Көлбаевдин кылмыш чөйрөсүндөгү балдары кармалды (сүрөт)

565

Бишкек шаарында опузалап талап кылууга жана куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

9-июнда милицияга жаран кайрылып аны коркутуп, 1000 доллар талап кылган адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 203-берене (опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүү катары 1983-жылы туулган М.И. жана 1974-жылы туулган А.Р. камалды.

«Алар “Цапля” жана “Рина” аттуу каймана ат менен Камчы Көлбаевдин
уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ошондой эле 1979-жылы туулган М.А. колго түштү.

Мындан тышкары Жазык кодексиндеги 253-берене боюнча (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 1979-жылы туулган Г.Р. кармалды. Ал да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган. Шектүүнүн “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасынан ичине бычак жана номуру өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча октору менен салынган баштык табылды.

Шектүүлөр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Учурда тергөө улантылууда», – деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь