Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот-Россия авиалиния» авиакомпаниясынын «Москва-Ош» маршруту боюнча каттамы менен Россиядан Кыргызстанга 355 жаран кайтып келди.
Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия жана Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.
Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна жана борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана РФ Элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар тандалып алынган.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.