Бүгүн, 15-июнь күнү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн базары убактылуу жабылды.
Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.
Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик субъекттер убактылуу жабылды.
Бишкек шаарынын мэрия жарандарды санитардык талаптарды аткарууга чакырат.