Бишкектеги Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрт саат 16:45те чектөөгө алынды.
“15-июнда Бишкек шаарынын Октябрь районунда дарыканадан жана тез тамактануучу жайдан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгон (аты-жөнү, туулган жылы жана жынысы такталууда). Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет“,- деп айтылат ӨКМдин маалыматында.