Лондондо афроамерикалык Патрик ак терилүү адамды каарданган элден сактап калды (сүрөт)

391

Расизмге каршы көтөрүлүш учурунда кара түстүү Патрик Хатчинсон жарадар болгон ак кишини митингчилер арасынан сууруп мойнуна көтөрүп чыкты деп билдирет CNN .

Хатчинсон өзүнүн бул аракетин дагы бир төңкөрүлүш, башкача айтканда адам өлүүсү болушун каалабагандыгын жана бардык адамдар үчүн теңдиктин болушу менен түшүндүрдү.

Жарадар болгон адамды нааразычылык акциясына чыккан катышуучулар токмоктошкон деп жазылат кээ бир гезиттерде.

Эске салсак афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн соң мындай нааразылык митингдери АКШда жана башка айрым өлкөлөрдө күч алууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь