Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова эскерилди

265

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Күлүйпа Кондучалованын туулган күнүнө карата бүгүн “Ала-Арча” көрүстөндө эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, маданият тармагында иштегендер жана Күлүйпа Кондучалованын жакындары катышкан.

Күлүйпа Кондучалова 1920-жылдын 15-июнунда Пишпек уездинде (азыркы Чүй облусу) Аламүдүн районунун, Кара-Жыгач айылында) төрөлгөн. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку партиялык мектепти (1945) бүтүргөн. 1938-1940-жылдары Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусундагы Нарын районунун Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940-1943-жылдары Кыргызстан ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун катчысы, Эл депутаттарынын Тянь-Шань облустук кеңешинин аткаруу комитетинде төраганын орун басары, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунда лектор, Кыргызстан КП БКда лектор, 1945-1948-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, “Коммунист” журналынын редактору, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948-1949-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун катчысы, 1947-1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө катчы, 1949-1952-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президимунун төрагасынын орун басары, 1952-1953-жылдары Кыргызстан КП БКнын катчысы жана аялдар арасында иштөө боюнча бөлүм башчы, 1953-1958-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958-1963-жылдары Кыргыз ССРинин маданият жана тышкы иштер министри, 1963-1980-жылдары Кыргыз ССРинин маданият министри, 1980-2003-жылдары Кыргызстандын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы болуп иштеген. Ал СССРдин Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958-1962-ж.), СССРдин Жогорку Советинин (1954-1962) жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1947-1975-ж.) депутаты болгон.

Күлүйпа Кондучалова “Курманжан Датка” эл аралык сыйлыгынын ээси, Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы “Манас” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп саналат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь