Пекин кайрадан карантинге жабылды

353

Пекиндик район Фэнтайда 11 квартал кайрадан карантинге алынды. Бир суткада коронавирус жуктуруунун 7 учуру катталгандыктан, өздүк обочолонуу боюнча чечим кабыл алынды.

Оорунун чыгуу булагы катары – «Синьфади» ири дүң базары эсептелүүдө, себеби бул жайда чийки эт жана балык сатылат.

ВВС жазгандай, кечээ Пекин бийлиги борбордогу компания жана ишкерлерге жумушчуларды 14 күндүк карантинге кетирүүнү милдеттендирди.

Учурда аталган базар убактылуу жабылды, ондогон кызматкерден коронавирус табылган.

Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адам коронавирусту жуктурганы аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь