Жалал-Абад облусунун Сузак районунда зомбулук көргөн аял жолдошун кечирип, милицияга тосмо арыз жазды.
Эске салсак, 8-июнь күнү Сузак районундагы Бек-Абад айылында 51 жаштагы Б.З. аттуу тургун үйүндө 47 жаштагы. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап муздак суу чачкан. Анын мындай жоругуна жубайы эки күн бир тууган эжесинин үйүндө түнөп келгени себеп болгон.
Факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Видеотасмадагы Б.З. аттуу эркек киши 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген сурообузга Жалал-Абад ОИИБи аны сот чече турганын маалымдап, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.