Таластын губернатору Ошко которулабы? Мураталиев жооп берди

380

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Ош облусуна кызматка которулары жөнүндө тарап жаткан сөздөргө жооп берди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда «Талас облусунун губернатору Ошко которулат экен» деген талкуу болуп жатат.

«Акыркы маалда, 2-3 күн болду. Мага көп тааныштарым, жергиликтүү тургундардан чалуулар келип жатат. Баары «Таластын губернаторун Ошко которот бекен?» деп суроо берип жатышат. Мындай маалымат каяктан чыкканын билбейм. «Баткенге кетет экенсиз. Жалал-Абадга кетирет экен. Ошко которот экен» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мен Таласта эле иштеп жатам. Эч жакка кетпейм, оюмда да жок. Кечээ күнү «Боо-Теректе чогулуп жатабыз, кетем десеңиз акцияга чыгабыз» деп чалышты. Анан бул сөздөрдү токтотуу максатында элге айтып жатам», – деди ал.

Булак: Turmush

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь