15-июнь Кыргыз Республикасынын өрт өчүрүүчүлөрүнүн күнүнө карата “Биздин каарман” рубрикасынын бүгүнкү коногу Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын, Өрттү өчүрүү жана алдын алуу, анализдөө бөлүмүнүн улук офицери майор Туйбасов Шайырбек Жамбылович болмокчу.

Каарманыбыз 1979-жылдын 29-августунда Ош облусуна караштуу, Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Билими жогорку. Үй-бүлөлү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Баё сезимдер…

“”Ак карлуу Ала-Тоосу бар,

Арчалуу кызыл зоосу бар.

Алайкуум асыл туулган жер,

Жайылып оттойт кулжалар” –  деген ыр саптары айтып тургандай, менин балалыгым Алайкуу жергесинин Көңдүк айылында өткөн. Чоң атам колхоздун коюн баккандыктан, жайкы каникул кезинде көп убактымды жайлоодо кой кайтарып өткөрчүмүн. Жаңыдан жасалган чаначты ийлеп, боёкту жакшы алыш үчүн талкууга салып аябай жанчат элек. Ошондой учурларда чоң атам мага башынан өткөргөндөрүн айтып, “өз мекениңден, туулган жериңден артык эч нерсе жок” – деп патриоттуулукка, мекенчил болууга үндөөр эле. Мен кунт коюп укканча талкууну басчумун. Чоң атамдын айтуусу менен мекен коргогон аскер кызматкери болууну самап, жаратылышы кооз, керемет кыргыз жергебиздин кең талаасында өзүмдү жоокер элестетип, баё сезимдер менен кыялданчумун.

1996-жылы орто мектепти бүтүргөн соң, Бишкек шаарындагы И. Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинин технология факультетине тапшырып, 2001-жылы аталган университетти аяктоо менен инженер-технолог адистигине ээ болдум.”

Кызматта…

“Өзүмдүн адистигим боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, жаш кезимден тилек кылып жүргөн кыялым орундалып, 2011-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздук боюнча агенттигинин Ош шаардык Өрт коопсуздук башкармалыгынын Ош шаардык Өрт коопсуздук бөлүмүнүн Мамлекеттик өрт көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн инспектору кызматына орношуп калдым.

Ошол жылдардан бери өрттү алдын алуу боюнча, же өрт кырсыгы катталган учурда адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактоо жаатында эмгектенип келем. Бул кызматым менен аябай сыймыктанам.

Жумушта оорчулук болбой койбойт. Баарыңыздарга белгилүү болгондой жаратылыш кырсыктары, өрт кырсыгы айттырбай келет эмеспи, ошого даяр болуп, биз ар дайым күжүрмөндүүлүктө күнү-түнү кызматта болобуз. Кырсык катталган учурда эң эле биринчи жарандардын өмүрү, алардын саламаттыгы оюңа келет. Айрым учурларда адам өмүрүн алган өкүнүчтүү окуялар менен аяктайт, алардын күйгөн сөөктөрүн жакындарына берүү азапка турат. Адам баласы болгондон кийин жүрөгүң таштан эмес экен да, кайгырбай коё албайсың. Кээде көзү чачырап турган адамдарга жардам берип, алардын алкышын алуу биз үчүн чоң сыймык.

Өрт катталган учурда, кандайдыр бир деңгээлде менин күнөөм болдубу? балким түшүндүрүү иштерин өз убагында жеткире албай калдымбы? -деген сыяктуу ойлор пайда болот.

Бүгүнкү күндө бул өрт кырсыгы бир эле биздин мамлекетте эмес, дүйнө жүзүндөгү чоң көйгөйлүү маселелердин бири. Адам баласынын жашоосунда эрежеге алынган от биздин досубуз дей турган болсок, эрежеден сырткары көзөмөлгө алынбаган от бул өрт кырсыгы болуп эсептелинет.

Биздин министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алуу жаатында түшүндүрүү иш-чаралары ар дайым уюштуруп келет. Өрт кырсыгын алдын алуу, өчүрүүдөн оңой. Жылдын 4 мезгилинин баары өрт кооптуу мезгили деп эсептелингендиктен элибизге дагы бир ирет кайрылып кетет элем, өрт кырсыгын алдын алып, жапа тырмак аракеттерди көрсөк, бул көйгөй оң жагына чечилип, бейпил турмушта өкүм сүрөөр элек.

Учурдан пайдаланып тайманбас, кыраан кесиптештеримдин бүгүнкү майрамы менен куттуктаймын!” – деди биздин бүгүнкү каарманыбыз м-р Ш.Туйбасов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 23