ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Кадамжай РИИБи менен биргеликте өлкөнүн түштүк аймагындагы талап тоноочулардын тобун кармады. Бул топтун мүчөлөрү ишкерлерге, жарандардын үйүно кол салып жүрүшкөн.
Ыкчам издөө иш-аракетинин натыйжасында шектүүлөрдүн өздүгү такталды.
2020-жылдын апрель айында саат 01:30дар чамасында беткапчан 25-35 жаштардагы белгисиз үч адам Кадамжай районундагы айылдардын бириндеги үйгө киришкен. Алар үй ээсине тапанча такап коркутуп, акча жана баалуу буюмдарды талап кылышкан. Кол салгандар кожоюнду аялы менен кошо оозун таңып, 63 жаштагы үй ээсинин буту-колун сыныдыра сабашкан. Үйдөн баалуу эч нерсе таба албай калган соң из жашырып качып кетишкен.
Окуя КЖБРге каттоого алынып, Кадамжай РИИБи “Каракчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Май айынын аягында дагы ушул сыяктуу кылмыш катталып, анда беш адам 43 жаштагы жарандын үйүно тапанча менен кирип коркутуп, 9 500 000 сом жана алтын буюмдарды көтөрүп кетишкен. Ошондой эле үй кожюндун өзүнө жана аялдын ден-соолугуна залал келтирип 17 жаштагы эки өспүрүмдү таңып салышкан.
Июнь айында Баткен облусунун аймагында атайын операциянын жүрүшүндө жогоруда көрсөтулгөн кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.
Кармалгандар 1994-жылы туулган М.У. аттуу Баткен облусунун тургуну, мурда уурулук жана унаа айдап качуу боюнча соттолгон. 1993-жылы туулган М.Н. Кадамжай районунда жашачу. Экөө тең экстремисттик көз карашты кармангандар.