Бир суткада COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 100гө жетти

191

Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19 илдети 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Аймактар боюнча караганда: Бишкек шаарында -57, Чүй облусу – 11, Ош шаарында – 11, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 1, Талас облусунда – 3 адамдан аныкталган.

Учурда Кыргызстан боюнча жалпысынан COVID-19 – 2 миң 472 адамдан аныкталса, айыкккандардын саны – 1 миң 847 адамды түзөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь