Кубатбек Боронов Бишкек шаары коронавирустун жайылышынан улам жабылбай тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, коронавирус менен чалдыккандардын санынын көбөйүшү күтүлгөн нерсе болчу. “Бизде абал үч сценарий менен кетиши боюнча божомолдорубуз бар. Учурдагы абал ал – ортоңку – начар. Бирок, абал көзөмөлдө. Илдетти кармап турууга туруштук берүүдөбүз. Анткени менен Бишкек кооптондуруп турат. Бирок, баш калаада чектөөлөрдү киргизүү же жабуу боюнча мерчемдер жок”, – дейт биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Белгилей кетсек, кечээ 15-июнда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал начарлай турган болсо ордо калаа кайра жабыла тургандыгын билдирген.