Июнь айынын соңунда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 4.9 миң адамды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабын биринчи вице-премьер-министрлик кызматка талапкер Алмазбек Батырбеков жетектеши мүмкүн.
“Алмазбек Батырбеков иштеп берүүгө макулдугун берди. Ошондой эле ал келээрки парламенттик шайлоого мен сыяктуу эле катышпайт”, – деди Кубатбек Боронов.
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалык Абылгазиев кечээ 15-июнда кызматынан кетүү боюнча арызын жазып аны бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.