Мухаммедкалый Абылгазиев:
Акыркы мезгилде Өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр Жогорку Кеңеште да айтылып жатат. Бул мени катуу тынчсыздандырат.
Сын-пикирлер Өкмөттүн атына дайыма ар кандай маселелер боюнча айтылып келген, бирок Өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам: Мен жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок! Кандай чечим кабыл алынган эми тергөө органдар тастыктайт. Тергөө иштери бүткөнгө чейин дагы убакыт керек деп ойлойм. Процедуралар узарышы мүмкүн. Ошон үчүн мен чечим кабыл алдым, мамлекеттик кызматтын этикасын сактап.
Азыл коронавирус оорусуна күрөшүп жаткан учурда илен-салан болуп иштөө мамлекеттик кызматкерге туура келбейт. Ошондуктан бул чечимге келдим. Бул иштер боюнча мен ишенем, мыйзам түрүндө адилеттүү тергөө иштери жүрүп, чекит коюлат. Анан коомчулукка жыйынтыктар боюнча жарыяланат.
Ишимде жоопкерчилик менен, акыйкат, таза, так иштөө менен иштедим деп ойлойм. Бул менин эң негизги принциптерим. Ошол боюнча дагы белгилеп кетет элем. Кыргыз элине ак кызмат кылуу – менин эн башкы принцибим болду.