Парламенттин коалициялык көпчүлүк жыйынында премьер-министрдин кызматына талапкер Кубатбек Боронов өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев кызматынан кетүү боюнча арыз жазгандыгын маалымдады. Анын ордуна болочок өкмөт башчы Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунуштады.
Ал эми Маалымат технологиялары жана байланыш Мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Алтынбек Исмаилов сунушталды. Буга чейинки жетекчиси Дастан Догоев АКШнын Гарвард университетине тапшыргандыгына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын берген.
Таалайбек Темиралиев буга чейин ӨКМдин статс-катчысы болсо Алтынбек Исмаилов Жогорку технологиялар паркынын директору болгон.