Жыштыктарды сатуу боюнча дагы бир чоң чиновник кармалды

390

Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев жыштыктарды сатуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармалып, убактылуу кармалуучу жайына киргизилди. Бул тууралуу “Д№” гезитине өздүк булактары маалымдашкан.

Өздүк булактардын маалыматына караганда Максат Жылышбаевдин иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Ал бул кызматка 2019-жылдын июль айында дайындалган. Жыштыктарды сатуу боюнча кылмыш ишин Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу жүргузүүдө. Жыштыктарды «Скай Мобайл» (Beeline соода маркасы) компаниясына 700 сомго сатылып кеткендиги тууралуу Жогорку Кеңештин 12-майындагы жыйынында белгилүү болгон.

Бул чырдан улам кечээ өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кетүү боюнча арызын жазып, бүгүн ал арызды президент кабыл алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь