Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду

221

Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтымында, бир бейтап 85 жашта болгон. Ал Улуттук фтизиатрия борборунда пневмониядан дарыланып жаткан.

“Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ал адамда коронавирус бар экендиги аныкталган. Ошондон улам ал киши кыргыз-түрк ооруканасына которулган болчу. Бирок, көрүлгөн иш аракеттерден натыйжа чыккан жок”, – дейт Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Ал эми экинчи каза болгон жаран Сузак районунун тургуну болчу, –  деп кошумчалады Нурболот Усөнбаев.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан боюнча жалпысынан COVID-19 – 2 миң 472 адамдан аныкталса, айыкккандардын саны – 1 миң 847 адамды түзөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь