Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Балыкчы-Корумду автожолунун курулушунун жүрүшү менен кызыгып, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнө бир нече сын пикирин айтты. “Балыкчыдан Корумдуга чейин 104 чакырым. Бир километр жол 749 миң долларга курулуп жатат. Мунун үстөк пайызы дагы жогору болуп жатат. 2,5 пайызды түзөт. Кредитти Каржы министрлиги төлөбөйт, далбастап келген силер төлөбөйсүңөр, карапайым эл төлөйт. Мына Бишкек-Кара-Балта жолу, башталбай жатып, ремонттоп жатышат. Тараз-Талас-Суусамыр жолунун мөөнөтү эки жылдан ашып кетти, силер кабыл албай жатасыңар. Биз кредит алып жатабыз, жол салып жатабыз, силер кол салып жатасыңар”, – дейт Рыскелди Момбеков.
Андан сырткары, депутат, жакынкы арада Транспорт жана жол министрлигинин бир далай жогорку даражадагы кызматкерлери “Коррупция” беренеси боюнча кармалгандыгын айтып, министрликте камалбаган адам калбагандыгын кошумчалады.