Сузакта күйөөсүнөн таяк жеген аял эмнеге тосмо арыз жазып бергени белгилүү болду

1 551

Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял тосмо арызды үстөмдүк жолу менен жазып берген. Бул тууралуу коомдук фонддун директору Гүлжан Байбетова маалымдады.

Анын айтымында, зомбулук көргөн аялдын жолдошу окуя орун алган Бекабад айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басарынын жакын туугандары болуп чыккан.

“Эки күн мурда эле таяк жеген аял жана анын туугандары тосмо арыз жазбайбыз, бул иштин аягына чейин чыгабыз деп турушкан. Бирок, кечээ жабырлануучунун эжеси жеке иштери менен Ош шаарына кеткенде күйөөсүнүн туугандары келип, жабырлануучуга үстөмдүк көрсөтүп жатып, тосмо арыз жаздыртып алышкан”, – дейт коомдук фонддун директору.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь