Бишкектеги өрт: Каза болгон жигиттин өздүгү такталып, кафенин ээси камалды

500

Бишкек шаарындагы 6-кичирайонунда өрттөн каза болгон маркумдун өздүгү такталды. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Маалымат боюнча, өрттөн каза болгон жигит 25 жашта болгон. Маркум тез тамактануучу жайда иштеген-иштебегендиги тууралуу тактай алышкан эмес. Буга чейин каза болгон жаран тандырда иштеген деп маалымдашкан.

Маалым болгондой, тез тамактануучу жайды 31 жаштагы жаран ижарага алып иштетип келген. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды. Окуя Октябрь районунун ИИБне КЖБРге катталып, 261-берене «өрт коопсуздугун бузуу» боюнча сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 15-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынын тандыр самсасынын нан бышырган бөлүгүнөн өрт чыккан. Өрт бир саатка созулуп, алты өрт өчүргүч бөлүмү аталган жерге тартылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь