Канат Хасанов «Чоң Казат» кыймылынын лидерлигинен убактылуу гана кеткенин социалдык тармагында жазды.
«Мен ден-соолугума байланыштуу, убактылуу «Чоң Казат» кыймылынын лидерлигинен кетип, башкарууну Бекке тапшырдым. Бирок, мен бирикмеден кеткен жокмун, мурдагыдай эле партиянын курамындамын жана ден-соолугумду чыңдагандан кийин партиянын түзүлүшүнө жана Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүүгө киришем», – деп жазат ал.
Эске салсак, буга чейин Фейсбукта Хасанов «Чоң Казатта» мындан ары жок экени тууралуу комментарий жазган.
Мне прикольно посмотреть когда кайфуют многие😆😆😆 Я ушёл временно с лидерства ДВИЖЕНИЯ ЧОН КАЗАТ по состоянию здоровья и…
Опубликовано Канатом Хасановым Понедельник, 15 июня 2020 г.