№1 тергөө абагында Эмилбек Кимсанов сабалды делип тараган видео боюнча ЖК депутаты Дастан Бекешев маселе көтөрдү. Ал уюшкан кылмыштуу топту жоюу боюнча атайын мыйзам иштелип чыкпаса, алардын бийликти сыйлабаган аракеттери уланарын белгиледи.
“Ал эми видеотасма боюнча бирөө жоопкерчиликке тартылабы?” деген депутаттын суроосуна Боронов кабары жок экенин жана тиешелүү орган териштирип жатат деп билдирди.
Адвокат Назгүл Сүйүнбаева жарыялаган Эмилбек Кимсановду сабалган видеосу фейк болушу мүмкүн дейт жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан. Маалыматка ылайык, жайлатылган видеодо Кимсанов сабалды делген №1 тергөө абагындагы имарат ал кармалып турган жайга окшошпойт. Ошондой эле чыр-чатактын катышуучуларынын жүздөрү көрсөтүлгөн эмес деп билдирет.
Жарыяланган видео кылдат жана деталдуу текшерүүгө өбөлгө түзүп, анын натыйжалары юридикалык баа берүү үчүн көзөмөл органдарына жөнөтүлөт.