Президент пара алууга шектелген судья Максат Орозбакованы кызмат ордунан четтетти (видео)

389

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Мамлекет башчысына Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Максат Орозбакованы быйыл 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) пара алууга шектүү катары кармаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь