Саймаитинин өлүмү. Мирлан Жеенчороев депутаттык комиссиянын курамынан чыкты

406

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жеенчороев Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өз ыктыяры менен чыгып жатканын жарыялап, комиссиядан чыгуу боюнча Төрагага добушка коюп коюну өтүндү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында 21-нобярда Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.  Комиссиянын курамында төмөнкү депутаттар бар: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, “Республика – Ата Журт” фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, “Кыргызстан” фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан – Тынчтык Шайназаров.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь