Сокулукта 14 жаштагы кыздын унаада зордукталышы боюнча милиция маалымат берди

570

Сокулук районундагы Чат-Күл айылында 14 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча Чүй ОИИББнен маалымат берди.

2019-жылы 14-декабрда Сокулук РИИБне жкргиликтүү жашоочу кайрылып, “Максат” аттуу жакшы тааныш эмес адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, 2019-жылдын сентябрь айынын аягында жашы жете элек өспүрүм кызына Максат күч колдонуу менен «БМВ» унаасына салып, каршылык көрсөткөнүнө карабастан кызды зордуктаган.

Бул окуя “Зордуктоо” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы К.М. болгон. Шектүү милициядан жашырынып, туруктуу бир жерде жашаган эмес. Издөөгө алынган соң Сокулук РИИБнин опер кызматкерлери 24 жаштагы К.М.ди 17-июнда Бишкек шаарынан кармашкан.

Учурда кармалган жаран Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь